Өлкөбүздөгү кооптуу кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо кызматындагыларга “Байэлим” компаниясы материалдык колдоо көрсөттү. Инфекция жуккан оорулуулар менен түзмө-түз байланышта иштеп жаткан Улуттук госпиталдын дарыгерлерине жеке коргонуу каражаттарын жеткирип берди. Бул каражаттарды алууда, албетте, “Байэлим” компниясы коргонуучу каражаттардын жогорку сапатына жана коргонуунун бардык талаптарына жооп бергендигине көңүл бурду.

“Байэлим” компаниясы өлкөбүздөгү бардык дарыгерлерге, медицина кызматкерлерине пандемия менен күрөшүүдөгү татыктуу эмгектери үчүн ыраазычылык билдирет.