Жаз жарыш делет эмеспи. Себеби жазында дыйкандын ар бир сааты бир күнгө тетет. Жазгы карантин учурундагы транспорттук каттамдар жүрбөй турган учурда да “Байэлим” командасы ыкчамдык менен өз талааларына жол алышат. Мурдатан ойлонулган талаа иштерин күжүрмөндүк менен жасашат. Жазындагы жалкоолук – кышындагы ачарчылыкка алып келээри элде да айтылат, анын болоору да турган иш. Ошондуктан биз эч качан жайылып жаткан жалкоо боло албайбыз, бекерликте кол куушуруп отуруу бизге жарашпайт дагы.

Ковид-19 пандемиясындагы кооптуу кырдаалдын бардык эрежелерин сактоо менен карантиндик талаптарга ылайык шартта “Байэлим” өз талааларына урук сээп, өз өндүрүш агымын жөнгө сала алды.

Ар ким өз адистик тармагында алектениши керек. Ошондой эле биз дагы аракеттен калбашыбыз керек. Таза, мыкты көчөттөрдү отургузуп, таза, мыкты өнүм алабыз, ал бизге таза сапаттуу азык болуп берет!